Бишкек менен Кытайдын Чжэнчжоу шаары кызматташат

Бишкек менен Кытайдын Чжэнчжоу шаары кызматташат

Бишкек шаарында тажрыйба алмашуу жана мындан аркы келечектүү кызматташтык максатында Кытайдын Хэнань провинциясынын Чжэнчжоу шаарынын башкы жашылдандыруучулары келди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, кытайлык кесиптештерин «Бишкекзеленхоз» муниципалдык ишканасынын директору Н.Доулбеков жана башкы агроном Ж.Жумалиев тосуп алышты.

Тараптар парктарды жашылдандыруунун жаңы технологияларын колдонуу, жаңы идеяларды илгерилетүү, экологиялык таза шаардын концепциясын ишке ашыруу маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Анын ичинде шаардын ландшафттык жана багбанчылык индустриясын өнүктүрүү жана кеңейтүү, жаңы ландшафттык жашылдандыруу системасын түзүү.

Жашылдандыруучулар Бишкек менен Чжэнчжоунун эки шаарынын келечектүү кызматташтыгына чын дилден көңүл бурушат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>