Тоолуу аймактарда кар жаайт. Эртең аба ырайы кескин өзгөрөт

Тоолуу аймактарда кар жаайт. Эртең аба ырайы кескин өзгөрөт

Кыргызстандын аймагында 20-22-сентябрь күндөрү аба-ырайы кескин өзгөрөт, деп маалымдайт Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кыргызгидромет кызматы.

Маалыматка караганда, 20-сентябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, айрым жерлерде катуу жаашы, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

21-22-сентябрда жана 23-сентябрда түнкүсүн абанын температурасы төмөндөйт.

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10°, күндүз 12…17°;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6°, күндүз 11…16°,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 7…12°, күндүз 15…20°,

Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 1…6°, күндүз 9…14°,

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 1…6°, айрым жерлеринде -1…-3° үшүк жүрүшү күтүлөт, күндүз 9…14°,

республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн -2° сууктан…+3° чейин, күндүз 4…9°, бийик тоолордо түнкүсүн -6…-11°, күндүз -2° сууктан…+3° чейин болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба-ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону, айыл чарба жумуштарын кыйындатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР
Тэги: аба ырайы

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>