Бишкектин айрым райондорунда 6-октябрда 17 саатка суу өчүрүлөтАдылбек Касымалиев Беларуста иш сапарын жыйынтыктадыКыргызстанда калктын 33%ын балдар түзөт, ал эми улгайган адамдардын үлүшү өсүүдөТоолордо кар жаап, шамал катуулайт: 4-октябрга карата аба ырайыОрусияда кыргызстандык аскерлердин катышуусунда ЖККУнун машыгуулары аяктадыКыргызстанга миграциялык агым 2025-жылы 15,4 миң адамга жетти
Бишкек мэри 96 жаштагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерине барды
09.05.2022 | 13:12
Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Садыр Мамбетходжаевдин Жеңиш майрамы менен куттуктады. Бул туурасында Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматака караганда, калаа башчысы ардагерге бир жолку материалдык жардам жана азык-түлүк куржунун тапшырды.
Садыр Мамбетхожаев 1926-жылы 12-майда Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Ак-Жар айылында туулган. 1944-1945-жылдары согушка катышып, Белоруссия фронтунда, 125-Батыш аткычтар полкунда автоматчы болгон. 8 баланы тарбиялап өстүрүп, 33 небере, 35 чөбөрөсү бар.
Сыйлыктардын арасында II даражадагы Ата Мекендик согуш ордени жана «Германияны жеңгендиги үчүн», «Японияны жеңгендиги үчүн» медалдары бар.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар