MegaCom компаниясы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин Жеңиш күнү менен куттуктады

MegaCom компаниясы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин Жеңиш күнү менен куттуктады

MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш оператору салтка айланып калгандай эле 9-майдын алдында өз өмүрлөрүн тобокелге салып, 1941-1945-жылдары Мекенин фашисттик баскынчылардан коргогон ардагерлерди куттуктады.

Улуу Жеңиштин 77 жылдыгына карата мобилдик оператордун өкүлдөрү «Альфа Телеком» ЖАКтын башкы директору Азат Базаркулов башында туруп Улуу Ата Мекендик согуштун 66 баатырынан кабар алышты.

Ардагерлер алардан кабар алып баргандарга Улуу Ата Мекендик согушта кандай каардуу күндөр башынан өткөнүн эскерип, айтып берип жатышты.

Мобилдик оператордун атынан Улуу Жеңишти тартуулаган ардагерлерге майрамдык сый азыктар жана материалдык жардам берилди.

Урматтуу ардагерлер, MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш оператору, тайманбас эрдигиңиздер үчүн сиздерге таазим кылабыз.

Сиздерге бакыт, бекем ден соолук жана узун өмүр каалайбыз.

Эч ким, эч нерсе унутулбайт!

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>