Садыр Жапаров COP17 саммитинде Ысык-Көлдү коргоо боюнча трасттык фонд түзүүнү сунуштадыОш шаарында «Сулайман-Тоо» эл аралык кинофестивалы өтөт2027-жылдан тарта Кыргызстанда сотто өкүлчүлүк кылуу үчүн юристтерге окуудан өтүү талабы коюлатКытай Кореядан озуп кетти: Кыргызстанга эми кайсы унаалар көбүрөөк ташылып жатат?Бактыбек Анаркулов Суу ресурстары кызматынын директору болуп дайындалдыОш шаарында шахмат боюнча ардагерлер арасында Азия чемпионаты башталды
Бишкек мэриясы даракты бетондоп салган ижарачы менен келишимди бузат
16.08.2026 | 12:45

Бишкек мэриясы Жибек Жолу проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги аялдамада жайгашкан жер тилкесинин ижарачысы менен келишимди токтотот. Буга бактын түбүн туура эмес бетондоп салганы себеп болду. Бул тууралуу борбор калаанын муниципалитетинен билдиришти.
Буга чейин шаар тургундары аялдамадагы курулуш иштери учурунда бактын айланасына бетон куюлуп калганына көңүл бурушкан.
Мэриядан түшүндүрүшкөндөй, жер тилкеси ижарага берилген жана пандус куруу учурунда ижарачы бактын түбүндөгү ачык кала турган жерди (лунканы) жаап салган. Учурда бактын түбү бетондон бошотулду.
Муниципалитет ошондой эле аялдаманын аймагын тийиштүү абалга келтирүү боюнча чаралар көрүлөрүн билдирди.
Бул факт боюнча Муниципалдык инспекция протокол түзүп, КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 114-беренесине ылайык айып пул салды. Айып пулдун өлчөмү такталган жок.
Мындан тышкары, кетирилген мыйзам бузууга байланыштуу ижара келишими токтотулат, ал эми подрядчы ишенимсиз аткаруучулардын тизмесине киргизилет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом