Саламаттык сактоо министрлиги гемодиализ кызматтарын көрсөтүүдөгү мыйзам бузуулар боюнча ишке комментарий бердиБУУ: миллиондогон оогандар азык-түлүк жардамысыз калдыСадыр Жапаров Соода-деңизде сүзүү жөнүндө кодекске кол койдуБишкекте чет элдик жаран милицияга пара берип жаткан учурда кармалдыЖарым жылда айыл чарбасы менен ишкердикти колдоого 6,7 млрд сом жеңилдетилген насыя берилгенКыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия канчага көбөйөт — сандар
Бишкек мэриясына 15 млн сомдон ашык жер тилкелери кайтарылды
21.05.2021 | 13:38
Прокуратура наркы 15 миллион сомдон ашкан беш жер тилкесин мамлекеттин менчигине кайтарып берди. Бул тууралуу Башкы прокуратурага таянуу менен “Акчабар” жазды.
Бишкек шаарынын Ленин районун текшерүү учурунда, райондук администрациянын кызматкерлери тарабынан жарандардын менчигине жалпы наркы 11 922 000 сомду түзгөн төрт жер тилкеси мыйзамсыз жол менен берилгендиги аныкталды.
Мындан тышкары, Ленин районунун администрациясынын жооптуу кызматкерлери жеке адамдарга 3 миллион 97 миң сомдук жер тилкесин мыйзамсыз беришкен, ал буга чейин борбордун капиталдык курулушунун мамлекеттик администрациясына 754 окуучуга ылайыкташтырылган мектепти долбоорлоо жана куруу үчүн мерчемделген.
Натыйжада жогорулагы жер тилкелери мамлекеттин менчигине кайтарылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика