Бишкек мэриясына 15 млн сомдон ашык жер тилкелери кайтарылды

Бишкек мэриясына 15 млн сомдон ашык жер тилкелери кайтарылды

Прокуратура наркы 15 миллион сомдон ашкан беш жер тилкесин мамлекеттин менчигине кайтарып берди. Бул тууралуу Башкы прокуратурага таянуу менен «Акчабар» жазды.

Бишкек шаарынын Ленин районун текшерүү учурунда, райондук администрациянын кызматкерлери тарабынан жарандардын менчигине жалпы наркы 11 922 000 сомду түзгөн төрт жер тилкеси мыйзамсыз жол менен берилгендиги аныкталды.

Мындан тышкары, Ленин районунун администрациясынын жооптуу кызматкерлери жеке адамдарга 3 миллион 97 миң сомдук жер тилкесин мыйзамсыз беришкен, ал буга чейин борбордун капиталдык курулушунун мамлекеттик администрациясына 754 окуучуга ылайыкташтырылган мектепти долбоорлоо жана куруу үчүн мерчемделген.

Натыйжада жогорулагы жер тилкелери мамлекеттин менчигине кайтарылды.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>