Бишкек мэриясына караштуу медициналык мекемелер министрликке өтөт

Бишкек мэриясына караштуу медициналык мекемелер министрликке өтөт

Бишкек мэриясына караштуу медициналык мекемелер министрликке өтөт. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев “Биринчи радиодогу” түз эфирде угармандардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Радио угарман медициналык тармактагы коррупциялык көрүнүштөрдү айтып, 17 тизме боюнча суроо берген.

«Биз министрлик болуп туруп мэрияга тиешелүү медициналык мекемелерди текшере да, алардын ишине кийлигише да албайт экенбиз. Бирок, жоопкерчилик кайра эле бизге жүктөлөт. Ошол себептен бул маселе боюнча президентке кайрылып министрликке кошуу боюнча айттым. Президент маселени чечти, жакынкы күндөрү Бишкек шаарынын мэриясына караштуу медициналык мекемелер Саламаттыкты сактоо министрлигине кошулганы жатат» — деп министр жооп берди угарманга.

Ушул тапта Бишкек шаарындагы эмканалар, ооруканалардын көпчүлүгү мэрияга тиешелүү.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>