Ош шаарында декабрда балмуздак жана сүт азыктарын чыгаруучу завод ишке киретМурда алты жолу соттолгон жаран баңгизат менен кармалдыКыргызстанда дары-дармектерди сактоо жана ташууга көзөмөлдү күчөтүү көздөлүүдөКыргызстанда 680 сомдон эт сатуучу дагы 100 павильон ачуу пландалуудаУлуттук госпиталдын көз микрохирургия бөлүмүнө 68 млн сомдук медициналык жабдуулар берилдиЖапонияда Борбор Азияны бирдиктүү турпродукт катары илгерилетүү сунушталды
Бишкек мэриясында кадрдык алмашуулар болду
18.08.2020 | 13:20
Бишкек шаарынын мэриясынын курамында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.
“Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Бишкек мэриясынын борбордук аппаратынын жетекчиси Абдес Анарбеков Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жетекчисинин бош кызмат ордуна которулду.
Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Азиз Суракматов жана Ысык-Көл облусунун губернатору Балбак Түлөбаев кол койду.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат