Бишкек-Нарын-Торугарт жолун ишемби күнү ачуу пландалууда

Бишкек-Нарын-Торугарт жолун ишемби күнү ачуу пландалууда

Бишкек-Нарын-Торугарт жолун ишемби күнү ачуу пландалууда. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтен эскерткендей, бир күн мурун ашууга жалпы көлөмү 1 миллион метр кубдан ашык, ал эми жолго 80 миң метр куб кар көчкү түшкөн.

«Учурда кар көчкү түшкөн жерде Транспорт жана коммуникация министрлигинин No41 ДЭУнун жол кызматкерлери иштеп жатат. Жолду тез арада тазалоо үчүн дагы үч жүктөгүч жөнөтүлдү. Азыр ал жерде алты жүктөгүч иштеп жатат. Бүгүн дагы үчөө жөнөтүлөт. Жол ишемби күнү ачылса керек», — деп билдиришти министрликтен.

Туруксуз аба ырайына байланыштуу Транспорт министрлиги оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларын тыгын жаратпоо үчүн ашуулар аркылуу жүрбөөнү суранат.

«Кар көчкү түшүү коркунучу бар, кар көчкү басып калбоо үчүн унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактаңыз», — деп белгилешти министрлик.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>