Жогорку Кеңеш “Жашыл Кыргызстан” экологиялык акциясын жарыялады

Жогорку Кеңеш “Жашыл Кыргызстан” экологиялык акциясын жарыялады

Бүгүн Жогорку Кеңеш “Жашыл Кыргызстан” экологиялык акциясын өткөрүү боюнча токтом кабыл алды. Демилгечи депутат Нуржигит Кадырбеков болду.

Анын айтымында, акция февраль айынан апрелге чейин өткөрүлөт.

«Бул ишембилик эмес, акция үч айга созулат. Кимдир бирөө айтат: кышында, февраль айында кандай акция? Ал эми түштүк аймактарда декоративдүү өсүмдүктөр ушул убакта отургузула баштады. Министрлер кабинети отчет берет. Көчөт отургузуп эле тим болбостон, тамчылатып сугаруу ыкмасын таратып, багып, ар бир аймакта питомниктерди уюштурабыз. “Бир адам – бир көчөт” акциясын кошумча жарыялоо сунушталууда. Ар бир айылга сейил бактарды уюштурууну жергиликтүү бийликке сунуштап жатабыз. Мотивация үчүн эң жашыл шаар жана айыл үчүн сынак уюштурса болот», — деди эл өкүлү.

«Жашыл Кыргызстан» акциясынын алкагында жыл сайын миллионго чейин бак отургузуу пландалууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>