Бишкек, Ош жана Токмоктогу кайра шайлоо 11-июлда өтөт

Бишкек, Ош жана Токмоктогу кайра шайлоо 11-июлда өтөт

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңешине кайра шайлоо 11-июлда өтөт. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Министрлер кабинетине шайлоо өткөрүү үчүн Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдарынын сметасына ылайык зарыл финансылык каражаттарды бөлсүн деп буйрук берген.

Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин, укуктук тартипти жана коомдук коопсуздукту, санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана жарандардын ден соолугун сактоо боюнча чараларды көрүүнү тапшырган.

Мындан тышкары, Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын мэриялары шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө шайлоочулардын тизмесин калыптандыруу, тактоо жана түзүү, уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечүү боюнча калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана тийиштүү шайлоо комиссияларынын ишине көмөк көрсөтсүн деп өкүм чыгарган.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>