Кыргызстандын Ош шаары менен Бразилия ар тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүдөКУУ орус тилин үйрөнүү үчүн жасалма интеллект платформасын киргизүү боюнча келишимге кол коётАкыйкатчы институту: мамлекеттик сайттар майыптыгы бар адамдар үчүн ыңгайсызДепутат боксчу Омар Левазага убада кылынган батир боюнча маселени көтөрдүУКМК: баңги заттарды ташыган трансулуттук канал аныкталып, эки жаран кармалдыКелечектин лидерлери: «Росатом» Кыргызстандын жаштарына кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачат?
Бишкек-Ош жолу: Жол кырсыктан бир киши каза тапты
20.01.2022 | 09:46
Чүй облсунун Жайыл районуна караштуу Бишкек-Ош унаа жолунун 152-чакырымында (Токойлуу тилкеси) “ Honda Stepwgn” жана “Nissan Cefiro” үлгүсүндөгү унаалар сүзүшүп, натыйжада бир киши каза тапты. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыктын кесепетинен 51 жаштагы Т. А . аттуу эркек киши каза болуп, эки мырза ар кандай жаракат алышкан. Учурда алардын өздүгү такталууда.
Кырсык катталган жерге 5 куткаруучусу тартылып, каза болгон жаранды унаадан чыгарып тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.


Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар