Бишкек—Ош жолунда жүк ташуучу унаа көпүрөдөн кулап кетти

Бишкек—Ош жолунда жүк ташуучу унаа көпүрөдөн кулап кетти

Бишкек—Ош унаа жолундагы кырсыктан бир адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Жайыл районунда 12-октябрь күнү ӨКМге  Бишкек—Ош унаа жолунда оор жүк ташуучу унаа оодарылып жолду тосуп калгандыгы тууралуу  маалымат түшкөн.

11-октябрда саат 19:00 чамасында Бишкек—Ош унаа жолунун 198-чакырымында (Өтмөк ашуусу) “ДАФ” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасы, бетон шакекчелери менен жүктөлгөн, “Тойота Сюрф” унаасынын ортосунда жол кырсыгы катталып, оор жүк ташуучу унаа көпүрөдөн түшүп кетип, бетон шакекчелер жолдун бир тарабын тосуп калган.

Натыйжада 1 эркек киши (1989-жылы туулган Т.Б.) жабыркап, тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген.

Ал эми 12-октябрь күнү тартылган куткаруучулар жолду тосуп калган бетон шакекчелерди алууга көмөк көргөзүшкөн. Жерине 4 куткаруучу тартылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>