Каржы пирамидаларын жарнама кылгандарды жазалоо сунушталды

Каржы пирамидаларын жарнама кылгандарды жазалоо сунушталды

Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиев Кыргызстанда каржы пирамидаларын жарнама кылгандарды жазага тартууну караштырган мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Маалымкат-негиздемеде айтылгандай, Кыргызстанда коомдук ишмерлер, таанымал адамдар өздөрүнүн атак-даңкына жана беделине таянып финансылык пирамидаларды жарнамалаган учурлар болгон.

Жүргүзүлгөн талдоо көрсөткөндөй, экономикалык жана юридикалык сабаттуулукка ээ болбогон айрым жарандарыбыз аларга ишенип, бардык топтогон каражаттарын ушул финансылык пирамидаларга жумшап, ал кийин мамлекет ичиндеги социалдык, экономикалык жана саясий тең салмаксыздыкка түздөн-түз таасир этет.

«Ошону менен бирге, аларды жарнамалаган дал ушул адамдар ѳзүлѳрү жарнамалаган финансылык пирамидалардын кесепетин аң-сезимдүү түшүнүп, кѳрүп турушканын белгилеп кеткибиз келет. Өз аймактарында же өлкөсүндө социалдык статуска ээ болуу менен, өз элине социалдык жана экономикалык жардам көрсөткѳндѳрүн бетке кармап, жөнөкөй элди адаштырып, тигил же бул финансы пирамидасына каражат салуу коркунучтуу эмес деп ишендирүү менен адаштырып, байып келе жатышат. Ушуга байланыштуу Кыргызстанда финансылык пирамидаларды жарнамалаган адамдардын жоопкерчилигин иштеп чыгуу жана толуктоо максатка ылайыктуу. Себеби ал чара жоопкерчиликти жогорулатып, жарандарды мындай иштерге тартуудагы кылмыштуу ниеттердин алдын алат, натыйжада жарандардын мыйзамсыз финансылык жана инвестициялык пирамидаларда катышуудан коргоону жогорулатат», — деп айтылат документте.

Мыйзам долбооруна ылайык, финансы пирамидасынын иштөөсү үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле ага катышууну сунуш кылуу же финансы пирамидасынын жардамы менен финансы активдерди тартуу (алуу) аркылуу бул ишти жарнамалоо үчүн (эгерде бул ири өлчөмдөгү кирешени алуу менен коштолсо, финансы пирамидасынын же жарнамалык ишмердиктин ишин уюштуруу жана жетектөө) эсептик көрсөткүчтүн 20 миңден 25 миңге (2 млн сомдон 2,5 млн сомго чейин) чейинки өлчөмүндө айып пул салынат же үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу менен жазаланат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>