Бишкекте жолдорду кеңейтүү: 13 тилкенин ээсине 40,7 млн сом бөлүндүБишкекте жасалма интеллект, финансы жана блокчейн боюнча эл аралык форум өтөтМанас шаарында курулуп жаткан жаңы муниципалдык базар декабрда ишке берилетКыргызстан менен Вьетнамдын курамалары бүгүн жолдоштук беттеш өткөрөтКыргызстандын эл артисти Роза Аманова Түркияда эл аралык сыйлыкка татыдыМинистрлер Кабинети парламентке 2027-жылдын бюджетинин долбоорун тааныштырды
Бишкек — Ош жолундагы кырсыктан эки адам каза болду
15.03.2025 | 08:39
Бишкек — Ош унаа жолундагы жол кырсыктан эки адам каза болгонун ӨКМ маалымдады.
14-мартта Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда Бишкек — Ош унаа жолунун 300-чакырымында Honda Stepwagen унаасынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 14:46да Токтогул райондук №97 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп жана авариялык-куткаруу унаасы менен 4 куткаруучу тартылып, тилсиз жоо саат 15:35де өчүрүлгөн.
Маалым болгондой, унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, жолдун нугунан чыгып кулаган, натыйжада өрт чыккан. Кырсыктын кесепетинен 2 адам каза тапты.
Учурда жарандардын өздүгү такталууда.
Рубрики: Жаңылыктар