Бишкек: Прокурордун орун басары пара менен кармалды

Бишкек: Прокурордун орун басары пара менен кармалды

17-ноябрда пара талап кылуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын Октябрь районунун прокурорунун орун басары “А.А.Э.” кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди.

Маалыматка караганда, «А.А.Э.» кылмыш жоопкерчилигине тартамын деп коркутуу жолу менен, укук коргоо кызматкерлеринен 5000 АКШ доллар талап кылган. Кармоо учурундагы жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин натыйжасында прокуратуранын кызматкери тарабынан аталган сумманын 200 миң сомдон ашык бөлүгүн опузалап алгандыгы тууралуу материалдык жана документалдык далилдер табылды.

«А.А.Э.» КР Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда кармалган жарандын ушул сыяктуу башка мыйзамсыз фактыларга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>