“Бишкек санитардык полигондун» мурдагы жетекчиси кармалды

“Бишкек санитардык полигондун» мурдагы жетекчиси кармалды

Бишкек шаардык прокуратурасы “Бишкек санитардык полигон» муниципалдык ишканасынын мурдагы директору А.Б.С.ны кармады. Бул туурасында Башкы прокуратурадан билдирди.

Тергөө чараларынын жыйынтыгында, Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинде (“Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) каралган кылмышты жасоого шектелип, «Бишкек санитардык полигон» муниципалдык ишканасынын мурдагы директору А.Б.С. (Болот Асаналиев) кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ошондой эле, борбордун мурдагы мэри И.А.С (Албек Ибраимов) жана долбоорду ишке ашыруу маселелерин тейлеген мэрдин мурдагы кеңешчиси Г.А.М. жайгашкан жери аныкталбагандыгына байланыштуу, аларга карата сырттан айыбы угузулду.

Бишкек шаардык прокуратурасы аталган ишке тиешеси бар адамдарды аныктоого жана жоопкерчиликке тартууга, ошондой эле келтирилген материалдык зыяндын ордун толтурууга багытталган активдүү тергөө аракеттерин улантууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>