2022-жылдын биринчи кварталында Бишкек шаарында жашоо минимумунун орточо көрсөткүчү киши башына 6854,37 сомду түздү. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Ал эми борбор калаанын жашоочуларынын номиналдык орточо айлык акысы январдан мартка чейин мэриянын маалыматы боюнча 26,5 миң сомду түздү.
Маалым болгондой, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жашоо минимумунун өлчөмү 16,3%га, ал эми номиналдык эмгек акы 10,5%га өскөн.