Министрлер кабинети айрым аймактарда кошумча эс алуу күндөрүн киргизе алат

Президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетине кызматкерлердин орточо эмгек акысын сактоо менен Кыргызстандын айрым аймактарында убактылуу кошумча эс алуу күндөрүн белгилөөгө мүмкүндүк берген жарлыкка кол койду.
Жаңы механизм 2026-жылдын 15-июлунан 2027-жылдын 1-июлуна чейин сыноо режиминде иштейт. Чечимдер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуунун негизинде кабыл алынышы мүмкүн.
Кошумча эс алуу күндөрү калкка жагымдуу шарттарды түзүү, эл аралык жана республикалык иш-чараларды өткөрүү, ошондой эле ыкчам чара көрүүнү талап кылган башка өзгөчө учурларда киргизилет.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине 2027-жылдын 1-февралына чейин жаңы механизмдин ишинин жыйынтыгына баа берүү тапшырылды. Эгерде эксперимент ийгиликтүү деп табылса, мекеме мыйзамдарга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды даярдайт.