Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
«Манас» эл аралык аэропорту ишин жандантты
08.07.2026 | 09:33

«Манас» эл аралык аэропорту өз ишин жандантты, деп билдиришти «Кыргызстан аэропорттору» ААКтан.
Эске салсак, кечээ Бишкек — Ош багыты боюнча каттамды аткарып жаткан TezJet авиакомпаниясынын учагы шассисине доо кеткендигине (бузулгандыгына) байланыштуу абага көтөрүлө албай калган. Алдын ала маалыматтарга караганда, учактын ичинде 181 жүргүнчү, анын ичинде 18 бала болгон. Эч ким жабыр тарткан эмес.
«Көптөгөн авиакомпаниялар каттамдарын саат 14:00дөн баштап пландаштырса, айрымдары аларды дароо эле кечке жылдырышты. Бирок ушул мүнөттөн тарта алар өздөрүнүн графигин (жүгүртмөсүн) түзүүгө киришти. Түнкү саат 12ге чейин мурда кармалып калган бардык каттамдар аткарылат», — деп түшүндүрүштү «Кыргызстан аэропорттору» ААКтан.
Окуянын кесепетинен аэропорт аба кемелерин кабыл алууну жана узатууну убактылуу токтоткон болчу.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом