Бишкек шаарындагы көмүр сатуучу жайлардын даректери

29.09.2022 | 19:19

Борбор калаанын мэриясы алдыдагы күз-кыш мезгилине көмүрдү өз убагында даярдоону эске салат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Бүгүнкү күндө Биринчи май районунун аймагында Кара-Кеченин көмүрүн сатуучу үч пункт ачылды:

– “Ак-Босого” конушунун Архитектура көчөсүндө, Чүй проспектиси 14 дарегинде  1 тоннасы 4300 сомдон сатылууда;
– Мурас-Ордо конушунун Мурас-Ордо 13 жана 19 көчөлөрүнүн кесилишинде көмүрдүн тоннасын 4500 сомдон же бир мүшөк көмүр 170 сомдон сатууда.
1-октябрдан тарта Дэн Сяопин проспектиси 531 боюнча жаңы пункт иштей баштайт, баасы 1 кап көмүр үчүн 200 сомду түзөт.
Свердлов районунда Достоевский көчөсү, 1 дарегинде көмүр базасы жайгаштырылган, шабыркүл көмүрү бир тоннасы 5000 сомдон сатылууда, ошондой эле Келечек конушунда айланма өтүүчү жолдун боюнда бир кап 250-300 сомдон сатылган пункттар иштеп жатат.
Ленин районунун аймагында катуу отундарды сатуунун алты пункту төмөнкү даректер боюнча жайгашкан:

–    Мурман көчөсүнүн 126 үйү,  4000 сомдон сатылууда, анын ичинде жүктөө, бирок жеткирүү жок;
–    “Кара-Тоо” ЖЧК Мурман көчөсүнүн 45/2 үйү (мурдагы «Торг-Синтез» ЖЧКсы) 5000 сомдон сатылат;
–    “Береке” ЖЧК Мурман көчөсүнүн 122, 122а үйлөрү 4000 сомдон сатылат;
–    «Беш Сары» ЖЧК Мурман көчөсүнүн 1Б үйү, 4200 сомдон сатылат;
–    Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин көмүр базасы Дэн Сяопин проспектиси, 306а үйү 4200 сомдон сатылууда;
–    «Болотбеков» ЖЧК Дэн Сяопин проспектиси, 308/4 үйү, 4200-5500 сомго чейин сатылууда.
–    Ошондой эле, кошумча көмүр сатуучу пункттар  ачылды. Алыкулов көчөсүндө 250 сомдон 350 сомго чейин, Гагарина көчөсүнүн 67 үйүндө 250 сомдон 400 сомго чейин капка салынып сатылууда.
Октябрь районунун аймагында «Кара-Кече», «Кара-Жыра», «Беш-Сары» көмүрлөрүн  сатуучу үч пункт жайгаштырылган:
– «Глобал Азия Пропертис» ЖЧК «Төкөлдөш» конушу 1 дарегинде  тоннасы 5000 сомдон;
– Достоевский көчөсү 97дарегинде  1 тоннасы 4000 сомдон;
– Октябрь  көчөсү (Анкара) 2/2 1 тоннасы 4000 сомдон;
– Анкара көчөсү 1а  дарегинде 1 тоннасы 4000 сомдон.

Белгилей кетсек, өткөн жылы көмүрдүн тоннасы 6000 сомго чейин көтөрүлүп, бийлик 3500 сомдон социалдык көмүр кампаларын ачууга аргасыз болгон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top