Бишкек ШИИББ: Борбор калаада абал тынч

Бишкек ШИИББ: Борбор калаада абал тынч

Бишкек шаарында абал туруктуу. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

“Борбор калаада абал тынч.Коомдук тынчтыкты камсыздоодо ыкчам жардам берип жаткан элдик кошуундарга, жарандарга жана мамлекеттик жана жеке менчик жайлардын күзөтчүлөрүнө ыраазычылык билдиребиз”, — деп айтылат басма сөз кызматынын маалыматында. 

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон саясий партиялар 5-октябрда Ала-Тоо аянтына митингге чыккан. Нааразылык акциясы кечинде күч кызматкерлери жана митингчилердин кагылышуусу менен аяктады. Бир нече саатка созулган массалык баш аламандыктан кийин 6-октябрда таңга жуук митингчилер Ак Үйдү жана  УКМКны басып алышкан. 

Ошондой эле түндө жана эртеси абакта отурган бир нече саясатчыларды алып чыгышты. Алар мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы президентин кеңешчиси Фарид Ниязов, мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы Бишкек мэри Албек Ибраимов, экс-депутат Равшан Жээнбеков жана Бишкек ЖЭБинин мурдагы жетекчиси Айбек Калиев, экс-депутат Садыр Жапаров.

Эртеси бир нече бөлүккө бөлүнгөн оппозициялык күчтөр бир нече жыйындарды өткөрүп ар кайсы кызматка өз өкүлдөрүн коё башташты.

6-октябрда Бишкектеги “Достук” мейманканасында чогулган Жогорку Кеңештин бир нече депутаты төрагалыктан кетүү тууралуу арыз жазган Дастан Жумабековдун арызын кабыл алып, анын ордуна Мыктыбек Абдылдаевди шайлашкан. 

Мындан кийин өкмөт башчылыктан кетүү тууралуу арызын берген Кубатбек Бороновдун да арызын кабыл алышып, анын ордуна   Садыр Жапаровдун талапкерлигин жактырган.

Жыйынга 64 депутат катышканы айтылып, иш жүзүндө канча эл өкүлү катышып, канчасы добуш бергени белгисиз.

Ушул эле күнү координациялык кеңеш түзүлүп, Адахан Мадумаров жетекчи болуп шайланганы кабарланды.  Ага 8 партия кирген: “Ата Мекен”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Замандаш”, “Социал-демократтар партиясы”, “Бир бол”, “Ордо”, “Республика” жана “Реформа”. 

Садыр Жапаров “Достук” мейманканасындагы жыйында бул координациялык кеңешти тааныбай тургандыгын журналисттерге билдирди.

Муну менен катары эле “Люстрация” кыймылы түзүлүп, эски саясатчылардан арылуу керектигин, “эскилер” бийликти басып алып жаткандыгын айтып өзүнчө митинг өткөрүштү. 

7-октябрга караган түнү да массалык баш аламандык уланып, айрым соода борборлорун тоноо аракети болгондугу кабарланып, бирок элдик кошуундар коргоп калгандыгы кабарланды.

 

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>