Митингде жаракат алган 7 адамдын абалы оор

Митингде жаракат алган 7 адамдын абалы оор

Бишкекте массалык тополоң менен коштолгон оппозициялык митинг учурунда медициналык жардамга муктаж болуп ооруканаларга кайрылгандардын саны 686га жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. 

Алардын ичинен 521 адам  алгачкы медициналык жардам алгандан кийин амбулатордук дарыланууга жиберилген. Ар кандай жаракат менен  164 киши ооруканада жатат. Анын ичинен жети адамдын абалы оор, учурда реанимацияда жатышат.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон саясий партиялар 5-октябрда Ала-Тоо аянтына митингге чыккан. Нааразылык акциясы кечинде күч кызматкерлери жана митингчилердин кагылышуусу менен аяктады. Бир нече саатка созулган массалык баш аламандыктан кийин 6-октябрда таңга жуук митингчилер Ак Үйдү жана  УКМКны басып алышкан. 

Ошондой эле түндө жана эртеси абакта отурган бир нече саясатчыларды алып чыгышты. Алар мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы Бишкек мэри Албек Ибраимов, экс-депутат Равшан Жээнбеков жана Бишкек ЖЭБинин мурдагы жетекчиси Айбек Калиев,  экс-депутат Садыр Жапаров.

Эртеси бир нече бөлүккө бөлүнгөн оппозициялык күчтөр бир нече жыйындарды өткөрүп ар кайсы кызматка өз өкүлдөрүн коё башташты.

6-октябрда Бишкектеги «Достук» мейманканасында чогулган Жогорку Кеңештин бир нече депутаты төрагалыктан кетүү тууралуу арыз жазган Дастан Жумабековдун арызын кабыл алып, анын ордуна Мыктыбек Абдылдаевди шайлашкан. 

Мындан кийин өкмөт башчылыктан кетүү тууралуу арызын берген Кубатбек Бороновдун да арызын кабыл алышып, анын ордуна   Садыр Жапаровдун талапкерлигин жактырган.

Жыйынга 64 депутат катышканы айтылып, иш жүзүндө канча эл өкүлү катышып, канчасы добуш бергени белгисиз.

Ушул эле күнү координациялык кеңеш түзүлүп, Адахан Мадумаров жетекчи болуп шайланганы кабарланды.  Ага 8 партия кирген: “Ата Мекен”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Замандаш”, “Социал-демократтар партиясы”, “Бир бол”, “Ордо”, “Республика” жана “Реформа”. 

Садыр Жапаров “Достук” мейманканасындагы жыйында бул координациялык кеңешти тааныбай тургандыгын журналисттерге билдирди.

Муну менен катары эле “Люстрация” кыймылы түзүлүп, эски саясатчылардан арылуу керектигин, “эскилер” бийликти басып алып жаткандыгын айтып өзүнчө митинг өткөрүштү. 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>