Бишкек таштандыдан качан арылат? «Тазалыктагы» тартыш — видео

Бишкек таштандыдан качан арылат? «Тазалыктагы» тартыш — видео

Учурда Бишкекте шаарды таштандыдан тазалоо маселеси жаралды. Бул чекиликти шаар тургундарынын көпчүлүгү «Тазалык» ишканасынын чабалдыгы катары көрүүдө. Бирок шаарда тазалоо иштерин «Тазалыктан» тышкары эки жеке компания жүргүзөт. Бишкектин Ленин, Свердлов райондорунда таштандыны чыгарууга «Тазалык» ишканасы, Октябрь районунда «Комтранском» жана Биринчи май районунда 22-августка чейин убактылуу «Эко Проф» компаниясы жооптуу. Учурда Биринчи май районунда тазалык иштерин жүргүзүү үчүн тендер жарыяланган.

Шаардагы таштанды маселеси боюнча «Тазалыкка» айтылган сындарга байланыштуу ишкананын директорунун орун басары Марат Алдашкуровго кайрылганыбызда, ал компания өз ишин так аткарып, таштанды өз убагында чыгарылып жатканын айтты.

«Тазалык өз ишин жакшы алып барып жатат. Бизге тийиштүү болгон райондордо график боюнча иш алып баруудабыз. Жалгыз Биринчи май районунда ушундай көрүнүш болуп жатат. Ага «Тазалык» ишканасында көп техникасы бузулганы себеп болгон», — деди ал.

Ошол эле учурда ал Биринчи май району эмне себептен жеке компанияга берилгенин мындай түшүндүрөт:

«Ал аргасыз чечим болгон. «Тазалыкта» көп унаа бузулгандыктан мэрия бизге алардын техникасын убактылуу жардам катары сунуштама берген. Ошол учурда бизге өз унааларыбызды оңдоп, кайра ишке чыгарганга өбөлгө түзүлдү. Эгер алар келип, Биринчи май районундагы унааларыбызды Ленин, Сведлов райондоруна которбогонубузда Бишкекте таштанды маселеси күчөп кетмек. Анын кесепети оорураак болмок».

«Тазалык» ишканасында шаарды таштандыдан тазалоо ишинен тышкары, ишкана ичинде да  чечилбеген көйгөйлөрү бар экенин ал жакта иштеген кызматкерлер айтышууда. Таштанды ташыган уунанын айдоочусу Максат Турумкулов да унаасын оңдоого 8 айдан бери тетиктер келбей жатканын, айлык акы көтөрүлбөгөнүн айтат:

 «Унаанын тетиктерин алып келип жатабыз деп жатат. Мага 8 ай болду, тетиктер жок. Унаам сегиз айдан бери турат. (…) Үч ай мурда мэр келгенде, айлык көтөрүлөт деп кеткен. Эч нерсе кылган жок. Жылыш болгон жок, башка балдардан да сурасаңар болот», — деди ал.

Кызматкерлер унааларга керектүү тетиктер алынып келбейт дегенден тышкары Биринчи май районунда таштандыны чыгаруу иши жеке компанияга өткөрүүнө нааразы. Ошондой эле алар эмнеге жеке компания алардан май куюп кетип жатат деген суроо беришүүдө.

«Көрүп жатасыздар азыр (шаар) таштандыга толуп калды. Ага чейин биздин унаалар бузук болсо да, жетишип жатканбыз. Жеке компанияны эмнеге алып келишти, билбейм. Алар бизден келип май куюп кетип жатат. «Тазалыктын» андан эмне кызыкчылыгы бар?, — дейт техника боюнча бригадир болуп иштеген Жангазы Усупбаев.

Материал менен видео версиясында толугу менен таанышууга болот

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>