Башаламан жараткан мейманканадагы окуя боюнча милиция үн катты

Башаламан жараткан мейманканадагы окуя боюнча милиция үн катты

Талас шаардык милицияга  11-октябрь күнү түнкү саат 04:30 чамасында “Бердике баатыр көчөсүндө жайгашкан «Кербен пэлэс» мейманканасынан белгисиз жаран эшиктерди сындырып чатак салып жатат” деген билдирүү түшкөн.  Ал жерге ошол замат милиция текшерүү иштерин жүргүзгөн. Бул туурасында Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирүү таратты.

Маалыматка караганда, ал Талас шаарынын 38 жаштагы О.С. аттуу тургуну мас абалда мейманкананын эшиктерин сындырып, чатак салгандыгы аныкталган. Мейманканада токтоп турган Фольксваген Поло үлгүсүндөгү унаасынын арткы чоң айнегин жана Ниссан үлгүсүндөгү унаанын капталдагы айнегин сындырып салганы тастыкталган.

Ал жарандын милицияда иштеген деген маалымат чындыкка дал келбейт. Анын милицияга эч кандай тиешеси жоктугу такталган. Учурда шектүү эч жерде иштебейт.

Аталган факты боюнча кылмыштардын, жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Шаардык милициянын имаратында тергөөдө сурак берүүдө. Окуянын бардык жагдайлары иликтенип, текшеруу иштери жүргүзүлүп жатат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>