Казандан Кабулга чейин жөө: тревел-блогер адамдардын боорукердиги жана Кыргызстан тууралууАкжол Махмудов Азия оюндарында коло медаль уттуАзия оюндары: балбан Жоломан Шаршенбеков алтын медаль уттуСадыр Жапаров Илон Масктын SpaceX компаниясынын Калифорниядагы өндүрүштүк комплексине бардыБишкектин Жукеев-Пудовкин көчөсүндө 3-октябрда унаа кыймылы убактылуу чектелетКыргызстанда мамлекеттик органдардын ички аудитин күчөтүү сунушталууда
Бишкек: “Tommi mall” дүкөнүнүн балатысы бир кишини басып калды
24.12.2021 | 18:01
Бишкек шаарынын Асанбай кичи районундагы “Tommi mall” соода түйүнүнүн алдындагы жаңы жылдык балаты кулап, бир кишини басып калды. Бул туурасында Reporter.kg′ге окурмандар билдирди.
Ал дүкөндүн астында таксиге наристесин салып, унаанын багажына бешик арабасын (коляска) салайын деп жатканда балаты аялдын башына тийгенин айтат.
“Балатынын темири башына келип бир тийди. Көпкө дендароо болуп туруп калды. Эл деген эл экен бир заматта милицияны да, тез жардам кызматын да чакыра салышты. Бирок, ал аларга макул болбой жатты. Анткени, унаанын ичинде наристе кызы ыйлап жаткан эле. Ал эми дүкөндүн администрациясынан бирөө басып келип, абалын сураганга жараган жок”– деди.





Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар