Баткенде мөмө-жемишти кайра иштетүүчү муниципалдык цех ачылдыКыргызстанда курулуш тармагы 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында 69,6%га өстүКыргызстанда өзгөчө абалды киргизүүнүн негиздерин кеңейтүүнү каалашат — толугу мененОш шаарында Жолон Мамытов атындагы жаңы сейил бак ачылды14-сентябрь: Кыргызстанда +33°Cка чейин ысыйт, тоо этектериндеги райондордо кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйтБишкекте Улуттук шахмат академиясы ачылды
Бишкек: Курман айттын түнүндө болгон массалык мушташтын видеосу
29.06.2023 | 13:34
Бишкекте Байтик Баатыр менен Горький көчөсүнүн кесилишинде 29-июнга караган түнү массалык мушташ болду. Окуянын видеосу социалдык тармактарга жарыяланды.
Видеодон топ балдар экиге бөлүнүп мушташып жатканын көрүүгө болот.
Биринчи май райондук милиция Reporter.kg’ге окуя каттоого алынып, териштирүү иштери башталганын билдирди.
“Учурда милиция тарабынан окуяга катыштыгы бар адамдарды таап-кармоо үчүн бардык керектүү тергөө жана ыкчам-издөө иштери жүргүзүлүүдө. Толугураак маалымат кийинчерээк берилет”, – деп билдиришти милициядан.
Териштирүү иштери уланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз