Бишкек: Түнкү клубда трансексуалдар мушташты -видео

Бишкек: Түнкү клубда трансексуалдар мушташты -видео

Бишкектеги түнкү көңүл ачуучу жайлардын биринде трансексуалга айланган үч эркек менен ошол эле жерде эс алып отурган жарандын ортосунан чыр чыгып, мушташып кетишкен. Бул тууралуу видео КТРКнын «Теле күзөт» берүүсүнүн «Инстаграм» баракчасына жарыяланды.

Патрулдук милиция кызматкерлери жерине барган учурда трасексуалга айланган жарандын бири экинчи тараптын бетине химиялык каражатты чачып жиберген. 

Аларды патрулчулар милициянын жакынкы бөлүмүнө алып барышып, тийиштүү наркологиялык экспертизадан өткөрүшкөн.

Экинчи тарап трансексуал экенин билбей, аларды “качок кыздарго” деп айтып, ошондон улам ортодо уруш чыккан.

“Мага алардын кебетесин көргөндө жийиркеничтүү болду. Булчуңдары чыккан, кызга деле окшошпогонунан”, — айткам дейт.

Эки тарап тең  милицияга арыз жазышкан.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от КТРК : LIVE (@ktrk_live)

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>