Ысык-Көлдө кеме куруучу жайларды, эллингдерди жана калкыма платформаларды куруу сунушталууда — мыйзам долбоору«Ак-Тилек» өткөрмө пунктунда коррупциялык схема аныкталып, мамлекеттик кызматкерлер кармалдыМинкаб төрагасы 14-августтагы электр энергиясынын өчүрүлүшү боюнча иликтөө жүргүзүүнү тапшырдыКыргызстандын ИДПсы жети айда 11,1%га өстүЭсептөө палатасынын аудити Финансы министрлигинин тутумунан 110 млн сомдук мыйзам бузууларды аныктады — толук маалымат«Учкун» кичи районунда ар түнү газга окшош жыт сезилүүдө — тургундар
Бишкек: Унаалардын дөңгөлөктөрүн уурдап жүргөн жаран табылды
15.11.2021 | 10:42
Ушул жылдын 30-октябрь күнү Таш-Көмүр көчөсүндөгү үйүнүн жанында токтоп турган Honda Fit үлгүсүндөгү автоунаасынын төрт дөңгөлөгүн уурдатып жиберген тургундун буюмдары табылды. Бул туурасында Октябрь райондук милицясы билдирди.
Маалыматка караганда, ыкчам аракеттин натыйжасында милиция кызматкерлери 26 жаштагы жаранды кармады. Көрсө, ал уурдаган дөңгөлөктөрдү өзүнүн автоунаасына тагып алган. Мүлк ээсине кайтарып берилген.
Кылмышка шектүү Бишкек милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилди. Шектүүнүн ушул сыяктуу төрт кылмыш ишине тиешеси бар экени аныкталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом