Бишкек: Чүй облустук ооруканага айып пул салынды

Бишкек: Чүй облустук ооруканага айып пул салынды

Күздүн келиши менен муниципалдык инспекция жалбырактарды өрттөө фактыларын көбүрөөк каттап жатат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдирди.

Маалыматка караганда, кургак чөптөрдү өрттөгөндө оор химиялык заттар бөлүнүп, адам организмине, айлана-чөйрөгө коркунучтуу. Мындан тышкары, шамал менен  көбүнчө кайтарылгыс кесепеттерге алып келет.

Мындай мыйзам бузгандарга КРнын “Бузуу жөнүндө” кодексинин 115-беренесине ылайык 7500 сомдон 23000 сомго чейин административдик айып каралган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө жалбырактарды өрттөгөндүгү үчүн  Чүй облустук ооруканасына айып пул салынды. Ошондой эле, шаардыктардын билдирүүсү  менен Ж.Огонбаев көчөсүнүн №72 дарегинде жалбырактарды өрттөө  фактысы аныкталган. Шаар тургуну Ошурбакиева З., 7 миң 500 сом төлөп берүүгө милдеттүү. Токтом чыгарылган.

Инспекциянын ишине байланышкан  суроолор боюнча 0312597526 номерине, ошондой эле социалдык тармактарга кайрылсаңыздар болот.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>