Бишкекке башка облустардан кирген унаалардан жана туристтерден акча чогултуу пландалууда

Бишкекке башка облустардан кирген унаалардан жана туристтерден акча чогултуу пландалууда

Бишкектин мэриясы башка облустардан жана чет жерден борбор калаага келген унаалардан, андан тышкары туристтерден жыйым чогултууну көздөөдө. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Бул демилге 1-августтан тарта сыноо иретинде ишке ашырылары, анын мөөнөтү 6 ай болору пландалууда.

Токтом долбооруна ылайык, унаасынын каттоосу башка облус-шаарларда болгон жарандар (айдоочуну эсепке албаганда, унаадагы орундуктар 8ден ашпаса) Бишкекке кириш үчүн 50 сом, чет элдиктер 200 сом төлөйт. Орундуктар 8ден көп болсо, өлкө жарандары 100 сом, чет өлкөлүктөр 1 миң сом төлөйт. Акча шаарга кирип жатканда, автоматтык система аркылуу чогултулат. Эгер кимдир-бирөө алдын ала жыйым катары 100 миң сом төлөсө, ага 30%дык жеңилдик берилет.

Ошондой эле мэрия туристтерден жыйым чогултууну пландоодо: борбор калаадагы мейманканада (ж.б.) калган турист Бишкекте бир күндөн көп жүрсө, андан кийинки ар бир күн үчүн 50 сомдон жыйым төлөшү керек болот.

Андан тышкары шаар бийлиги электр чыгырыктарын (самокат, гироскутер ж.б.) ижарага (киреге) бергендерден жылына ар бир жабдык үчүн 1 миң сомдон жыйым алууну көздөөдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>