Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Ош шаарынын мэри таштанды иштетүүчү заводдун курулушун тездетүүнү тапшырды
10.07.2026 | 09:45

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев таштандыларды утилдештирип, электр энергиясын өндүрүүчү заводдун курулуш аянтына барып, долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу түштүк борбордун мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Акаев курулуштун темпин тездетүүнү жана иштерди белгиленген мөөнөттө бүткөрүүнү тапшырды. Ошондой эле ал мэрия долбоорду ишке ашырууга байланышкан бардык маселелерди ыкчам чечерин белгиледи.
Завод ишке берилгенден кийин ишканада жыл сайын 310 миң тоннага чейинки таштандыны утилдештирүү пландалууда. Ошол эле учурда объект электр энергиясын өндүрөт.

Такталгандай, объекттин курулушун Кытайдын «Цзюньсинь Хуаньбао Кей Джи Инвест» компаниясы жүргүзүүдө, ал эми долбоор өзү колдонуудагы экологиялык талаптарга жооп берет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом