Кыргызстан менен Тажикстан жаңы чек ара мамыларын орнотушту

Кыргызстан менен Тажикстан мамлекеттик чек араны демаркациялоону улантышууда. Иштин кезектеги этабында тараптар Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын чек аралары кесилишкен чекиттен башталган тилкеге биргелешип төрт чек ара мамысын орнотушту.
Иштер эки өлкөнүн тиешелүү ведомстволорунун өкүлдөрү тарабынан Биргелешкен кыргыз-тажик демаркациялык комиссиясынын ишмердүүлүгүнүн алкагында жүргүзүлүүдө.
Расмий органдардын маалыматы боюнча, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын жалпы узундугу 1008,14 чакырымды, ал эми бейтарап статустагы тилкелердин жалпы узундугу — 14,07 чакырымды түзөт.
Демаркациялык иштер башталгандан бери адистер мамлекеттик чек ара сызыгынын 416 чакырымын биргелешип изилдеп чыгышты. Ошондой эле Кыргызстандын Баткен облусунун жана Тажикстандын Согди облусунун аймагында 1 627 чек ара белгисинин (1 954 чек ара мамысынын) алдын ала координаттары жана орнотула турган жерлери аныкталды.
Бийлик өкүлдөрү жаңы чек ара мамыларын орнотуу Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери тарабынан 2025-жылдын 13-мартында Бишкекте кол коюлган мамлекеттик чек ара жөнүндөгү келишимди иш жүзүндө ишке ашыруунун кезектеги этабы экенин белгилешүүдө. Тараптардын пикиринде, демаркацияны аягына чыгаруу коопсуздукту чыңдоого, чек ара аймактарын өнүктүрүүгө жана эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө түзүшү керек.