Кыргызстандын эл артисти Роза Аманова Түркияда эл аралык сыйлыкка татыдыМинистрлер Кабинети парламентке 2027-жылдын бюджетинин долбоорун тааныштырдыКыргызстанда асыл тукум чарба макамын алууга арыздарды кабыл алуу башталдыКыргызстандык спортчу джиу-джитсу боюнча дүйнө чемпионатында алтын уттуКыргызстандык ишкерлер Бразилиянын эт жана кофе өндүрүшү менен таанышуудаКыргызстанда 2,3 млн тонна дан жыйналды – былтыркыдан 27,8% көп
Бишкекке газ менен жүрүүчү жаңы автобустар алынып келди
13.08.2023 | 18:03
Бишкекке бүгүн, 13-августта Кытайдан газ менен жүрүүчү 25 жаңы автобус алып келинди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, дагы 25 автобус чек арадан өтүп жатат. Жаңы автобустар 15-сентябрга чейин каттамга чыгат.
Макулдашылган графикке ылайык, жыл аягына чейин Бишкекке дагы 450 жүргүнчү ташыган автобус келет. Калган 500ү келерки жылдын биринчи кварталында жеткирилет.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом