Садыр Жапаров көк бөрү боюнча биринчи дүйнө кубогун ачты

Садыр Жапаров көк бөрү боюнча биринчи дүйнө кубогун ачты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-августта Ысык-Көл районунун Булан-Соготту айылындагы ат майданында көк бөрү боюнча клубдар аралык биринчи дүйнө кубогун ачты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Меймандар менен учурашып, мамлекет башчысы өз сөзүндө бүгүн жалпы эле спорт күйөрмандары үчүн өзгөчө күн экенин, кыргыз бермети болгон касиеттүү Ысык-Көлдүн жээгинде бир катар өлкөлөрдүн ат жалында ойногон жигиттеринин катышуусунда көк бөрүчүлөрдүн кыл чайнашып, намыс талашкан мыкты оюнуна күбө болорун канааттануу менен белгиледи.

Садыр Жапаров кыргыздардын ата-бабалары бейиштей көз талдырган табият менен кошо жүрөк туйлатып, кан кызыткан улуттук оюндарды, улутту улут кылып сактап келаткан нарк-насилди аманат кылып калтырып кетишкенин белгиледи.

«Айкөл Манас бабабыз “Кулаалы таптап куш кылып, курама жыйып журт кылып” биримдиктин бийик үлгүсүн көрсөтүп, бир эл – бир журт болуп жашаган көп улуттун уюткусун мурастаптыр.

Соңку тарыхта өлкөбүз көз карандысыздыкка ээ болгону бир топ сыноолор менен кыйынчылыктардан башынан өткөрдү. Ийилди, бирок сынган жок. Бабалардын дем-күчү менен мамлекетибиз бүгүн дүйнөлүк коомчулукта өз ордун татыктуу ээледи. Баба наркын, ата салтын сактап келаткан муун бар үчүн Кыргызстан эгемендүүлүгүн, элдүүлүгүн, нарк-насилин, улуттук каада-салтын жоготпой, көк-бөрүдөй улуттук оюндарын дүйнөгө даңазалап, мынакей бүгүн дагы эл аралык ири иш-чара өткөрүүгө белсенип турат»,- деп белгиледи президент.

Мамлекет башчысы кыргыз эли өзүнүн нарк-насили, үрп-адаты, каада-салтты менен эл болуп, улут болуп сакталып келгенине, ошондон улам, улуттук оюндар урпактан-урпакка өтүп, көөнөрбөс мураска айланганына көңүл бурду. Канча кылым өттү, канча муун алмашты. Бирок эзелтен бери ойнолуп келген кыргыздын улуттук оюндары бүгүнкү күндө дагы терең маанисин, таалим-тарбиясын, актуалдуулугун жоготкон жок.

Президент белгилегендей көк бөрү кыргыз элининин байыртадан ойнолуп келе жаткан улуттук оюндарынын бири.

Кыргызда “көк бөрү – бул эрендердин эр оюну” деп жөн жеринен айтылып калган эмес.

Бул эрендердин эр оюну улакчыдан чапчаңдыкты, намыска бектикти, карандай күчтү талап кылат. Демек, көк бөрү эрки күчтүү, эч нерседен жалтанбаган, эл-жерин коргоого ар дайым даяр турган жоокерлерди өстүрүп чыгат.

Көк бөрү оюну жүрөгүндө жалыны бар жаштарды команда менен иштөөгө, учуру келгенде чукул чечим кабыл ала билүүгө, чыдамкайлыкка, эрктүүлүккө, атуулдукка тарбиялайт.

Учурдан пайдаланып Садыр Жапаров бул оюнду кеңири жайылтууга салым кошуп жаткандарга жана күйөрмандарга ыраазычылык билдирди.

«Ата-бабалардан мурас катары калган дөөлөттөрдү бүгүнкү күндүн баалуулуктары менен жуурулуштуруп, жалпы коомчулукту бийик адеп-ахлакка багыттоо, жаштарды дене тарбия жана спорт аркылуу сергек, алдуу-күчтүү, ден соолукта болууга, бекем эркти, мүнөздү калыптандырып, турмушта кез келчү оош-кыйыштарды жеңип чыгууга үйрөтүү бүгүнкү күндүн башкы талабына айланды.

Ушул жагдайдын маанилүүлүгүн эске алып, кызматка киришкенимдеги биринчи Жарлыгым “Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене-тарбиясы” болгон эле.

Улуттун саламаттыгы бүгүнкү күндө мамлекеттик саясатыбыздын артыкчылык берилген багыты болуп саналат. Күчтүү Кыргызстанды куруу үчүн өлкөбүздө ден соолугу чың, эрки бекем, мекенчил жаштарды тарбиялоо зарыл!»,- деп белгиледи Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы көк бөрү оюну Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына кирип, эл аралык деңгээлдеги спорттун түрү экенин тастыктаганын, оюндун географиясы кеңейгенин эске салды.

Ал бүгүнкү оюндар эл-журтка, меймандарга эстен кеткис маанай гана тартуулабастан, эл аралык ынтымакты бекемдөөгө дагы чоң салымын кошот деген ишеничин билдирди.

Президент Садыр Жапаров эл аралык мелдештин катышуучуларына эр оюнда өздөрүнүн күчүн, майтарылгыс эркин, мыкты чеберчилигин көрсөтүп ийгиликке жетишин, оюндардын жаракатсыз өтүшүн каалады. Күчтүүлөр жеңсин!

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>