«Бишкекнаабайкана» ишканасынын кайра ишке киргизүү пландалууда

«Бишкекнаабайкана» ишканасынын кайра ишке киргизүү пландалууда

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев учурда иштебей турган «Бишкекнаабайкана» муниципалдык ишканасынын абалы менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ишкана коронавирустук инфекция пандемиясы учурунда өндүрүштү токтотууга аргасыз болгон жана өндүрүш процессин калыбына келтирүүгө каражаттын жоктугунан токтоп турат.

Бакыт Төрөбаев наабайкананы ишке киргизүү маселесин иштеп чыгуу зарылдыгын билдирди.

“Президент өлкө боюнча токтоп турган ишканаларды калыбына келтирүү жана ишке киргизүү милдетин койду. Гранттык каражаттардын эсебинен курулган «Бишкекнаабайкана» муниципалдык ишканасынын материалдык-техникалык базасы жакшы жана социалдык багыты бар. Ишкананы муниципалитеттин каражатынын эсебинен, же мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу ишке киргизүү зарыл”, — деди ал.

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>