КР Министрлер кабинетинин башчысы Ысык-Көл облусунун маанилүү иш-чараларга даярдыгын текшерди

29.07.2026 | 09:40
КР Министрлер кабинетинин башчысы Ысык-Көл облусунун маанилүү иш-чараларга даярдыгын текшерди — Новости Кыргызстана

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусундагы инфраструктуралык, туристтик, маданий жана спорттук объектилерди даярдоо жүрүшү менен таанышты.

КР Министрлер кабинетинин башчысы Ысык-Көл облусунун маанилүү иш-чараларга даярдыгын текшерди — иллюстрация

Иш сапардын жүрүшүндө Минкаб башчысы «Ысык-Көл» эл аралык аэропортуна барып, инфраструктуранын абалы жана даярдык иштери менен таанышып чыкты.

КР Министрлер кабинетинин башчысы Ысык-Көл облусунун маанилүү иш-чараларга даярдыгын текшерди — контекст события

Ысык-Көл районунун Бает айылында Касымалиевге UIM F1H2O — «Ысык-Көл-2026» Кыргызстандын Гран-приси эл аралык мелдештерине даярдык көрүүнүн жүрүшү тааныштырылды. Ага иш-чараны уюштуруу жана керектүү инфраструктураны түзүү тууралуу маалымат берилди.

КР Министрлер кабинетинин башчысы Ысык-Көл облусунун маанилүү иш-чараларга даярдыгын текшерди — фото 4

Ошондой эле Министрлер кабинетинин төрагасы Чолпон-Ата шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы «Рух Ордо» маданий борборуна барып, «Ысык-Көл гольф-курорту» комплексин куруу долбоорунун ишке ашырылышы менен таанышты.

КР Министрлер кабинетинин башчысы Ысык-Көл облусунун маанилүү иш-чараларга даярдыгын текшерди — фото 5

Мындан тышкары, ал Этномаданий өнүктүрүү, ат спорту жана асыл тукум мал чарба борборунун (ипподромдун) курулушун инспекциялап, ат оюндары боюнча мелдештерди өткөрүү үчүн жаңы аренанын долбоору менен таанышты.

КР Министрлер кабинетинин башчысы Ысык-Көл облусунун маанилүү иш-чараларга даярдыгын текшерди — фото 6

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтө турган Кырчын жайлоосундагы объектилерди даярдоого өзгөчө көңүл бурулду. Минкаб башчысына этнографиялык борбордун курулушу, аймакты көрктөндүрүү, аянтчаларды даярдоо жана зарыл болгон инфраструктураны түзүү тууралуу маалымат берилди.

КР Министрлер кабинетинин башчысы Ысык-Көл облусунун маанилүү иш-чараларга даярдыгын текшерди — фото 7

Текшерүүнүн жыйынтыгында Касымалиев мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бардык даярдык иштерин өз убагында аяктоону камсыз кылууну тапшырды.

КР Министрлер кабинетинин башчысы Ысык-Көл облусунун маанилүү иш-чараларга даярдыгын текшерди — фото 8

Коопсуздук, көрктөндүрүү, инфраструктураны өнүктүрүү маселелерине, ошондой эле алдыдагы эл аралык иш-чаралардын катышуучуларын жана конокторун кабыл алууну уюштурууга өзгөчө көңүл буруу тапшырылды.

Scroll to Top