Бишкекте 1-апрелден тарта бардык окуучулар мектепке барат

Бишкекте 1-апрелден тарта бардык окуучулар мектепке барат

Бишкек шаарында 1-апрелден тарта бардык окуучулары мектепке барып окуйт.Бул тууралуу биринчи вице-премьер Артём Новиков кеңешмеде айткан.

Маалыматка ылайыке, мектептеги билим берүү маселелерине арналган жыйын бүгүн, 5-мартта өткөн.

Новиков 2, 3, 4-класстын окуучулары 9-марттан тарта офлайн режимге өтөрүн эске салып, апрелден тарта окуучулар толугу менен мектептерге барып баштаарын айткан.

«1-сентябрга чейин ата-энелерден бирдиктүү форма талап кылынбайт. Окуу процессин жандантууга тиешелүү даярдык көрүү Билим берүү жана илим министрлигине, жергиликтүү бийлик органдарына, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жүктөлөт. Мындан тышкары, «мектеп медицинасы» ишке кирип, ар бир окуучуга ден соолугунун абалын каттаган карта ачылат», — деген Новиков.

Белгилей кетсек, Бишкекте бүгүнкү күндө 1, 5, 9 жана 11-класстын окуучулар офлайн билим алышууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>