Кыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттүКыргызстанга америкалык «Boeing» учактарын жеткирүү мүмкүнчүлүгү каралуудаАКШ Борбор Азияга ким менен кызматташуу керектигин таңуулабайт — РубиоБоом капчыгайында таш түшүрүлүп, жол маал-маалы менен жарым-жартылай жабылат«Аферист жана кайырчы»: Жапаров Аблязовдун айыптоолоруна кескин жооп кайтардыКорей депутаты Кыргызстанды Борбор Азия рыногуна чыгуудагы маанилүү өнөктөш катары атады
Бишкекте 15 жаштагы кыз 12-кабаттан кулап, каза болду
10.01.2023 | 20:17
10-январда Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 9-январь күнү саат 8:41де милицияга Бишкектин Абдумомунов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 12-кабатынын терезесинен кыз кулап кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Ал каза болуп калган.
Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу барган. Алар маркумдун өздүгүн такташкан — ал 2007-жылы туулган К.Н. экени такталган.
Бул факты ЖИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, анын алкагында экспертизалар дайындалды.
Милиция да иштин чоо-жайын иликтеп жатат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар