Сыймык Жапыкеев кыргыз тили боюнча тестти экинчи аракетинде тапшырдыТүнкүсүн үшүк жүрүп, күн ачык болот: 25-октябрга карата аба ырайыБишкекте аймактын келечегине арналган ири эл аралык форум өттүАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болду
Эмгек министрлиги: Аномалдуу ысыкка байланыштуу жумуш убактысын кыскартуу Эмгек кодексинде каралган эмес
13.07.2026 | 15:51

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги колдонуудагы Эмгек кодексинде абанын аномалдуу жогорку температурасына байланыштуу жумуш убактысын милдеттүү түрдө кыскартуу каралбаганын билдирди.
Ошол эле учурда мыйзамга ылайык, иш берүүчүлөр кызматкерлер үчүн коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылууга милдеттүү.
Министрлик эмгекти коргоо талаптарын сактоо ар бир иш берүүчүнүн милдети экенин белгиледи. Бул кызматкерлердин өмүрүн, ден соолугун жана эмгекке жөндөмдүүлүгүн сактоого багытталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Минтруда