Баланын өлүмү: Автобустун айдоочусу буга чейин мас абалында унаа башкарганы үчүн айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылган

13.07.2026 | 16:39
Баланын өлүмү: Автобустун айдоочусу буга чейин мас абалында унаа башкарганы үчүн айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылган — Новости Кыргызстана

Коомдук транспорттун айдоочусу, 1977-жылы туулган М.Б. 2026-жылдын 23-январында Ленин райондук сотунун токтомунун негизинде мас абалында унаа башкарганы үчүн айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылган. Бул тууралуу Reporter.kg сайтына Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын (МККББ) басма сөз кызматынын инспектору Надырбек Жусупов билдирди.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы унаа башкаруу укугунан ажыратылган айдоочу кантип «Бишкек шаардык транспорту» муниципалдык ишканасына жумушка орношкону жана жүргүнчүлөрдү ташууга кандайча уруксат алганы тууралуу маалыматты редакцияга кийинчерээк берүүнү убадалады.

Эскерте кетсек, жол кырсыгы 13-июль күнү эртең менен Жаш Гвардия бульвары менен Рыскулов көчөсүнүн кесилишинде болгон. №34 автобустун айдоочусу жолдон өтүп бара жаткан 10 жаштагы баланы сүзүп кеткен. Бала жандандыруу (реанимация) бөлүмүндө каза болгон.

Жол кырсыгы фактысы боюнча Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 3-бөлүгү («Транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу») менен кылмыш иши козголду.

Автобус атайын айып короосуна токтотулду. Бул иш боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Айдоочу убактылуу кармоочу жайга (УКЖ) киргизилди. Ал беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Анара Мамытова

Scroll to Top