Жалал-Абаддагы Чанач-Сай суу сактагычы кеңейтилүүдөКыргызстанда шайлоого катышуу эмгек стажына кошулушу мүмкүнШавкат Мирзиёев Өзбекстанда экинчи АЭСтин курулушун жарыяладыVI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата илимий макалалар жыйнагы басылып чыгатЧүй облусунда «ГЛАСС ЦЕНТР» айнек заводу ишке киргизилет«Бишкекгаз» 2–3 күнгө Бишкектин эки районунда газды өчүрөт
Бишкекте 21 жаштагы жигит асынып алган. Анын өлүмүнө шектелип 2 киши кармалды
03.09.2024 | 13:45
Бишкекте өз жанын кыйган 21 жаштагы жигитти өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирген деп шектелип эки адам кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициясынан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, 30-августта “102” кызматына “Панфилов көчөсү №1А” дарегиндеги жатакананын жуунуучу бөлмөсүндө 21 жаштагы А.К. аттуу жаран асынган абалда табылганы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине милиция кызматкерлери барган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси (өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.
Бул ишке шектүү катары 25 жаштагы М.А. жана 28 жаштагы Б.Э. аттуу жарандар кармалган. Соттун чечими менен алар №1 тергөө абагына камакка алынган.