Арабаев атындагы КМУда заманбап журналистиканын көйгөйлөрү боюнча конференция өттүКоомдук ишмер, академик Жамин Акималиев 90 жашында дүйнөдөн кайттыБишкектин 9 жана 10-кичи райондорунда 10-ноябрда суу болбойтКыргызстан менен Сальвадор виртуалдык активдерди жөнгө салуу боюнча меморандумга кол коюштуАксыда жерлерди жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүү фактысы боюнча иш козголдуӨкмөт ФПОго туташууга милдеттүү бизнес түрлөрүнүн тизмесин кеңейтти
Бишкекте 23 жаштагы кыз алтынчы кабаттан боюн таштады
23.02.2024 | 23:02
Бишкектин Т.Айтматов жана Салиева көчөлөрүнүн кесилишинде кыз 6-кабаттын терезесинен секирип, каза болду. Маалыматты Свердлов райондук милициясынан тастыкташты.
Маалым болгондой, милицияга чакыруу саат 13:55те келип түшкөн. Окуя болгон жерге райондук милициянын ыкчам-тергөө тобу барган. Келгенден кийин кыздын өздүгү такталып, ал 2001-жылы туулган М.Г. экени такталган.
Бул факты каттоого алынып, текшерүү иштери башталды.
Учурда керектүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Экспертиза дайындалды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар