Бишкекте 24 жаштагы жигит 14 жаштагы кызды зордуктоого шектелип кармалды

Бишкекте 24 жаштагы жигит 14 жаштагы кызды зордуктоого шектелип кармалды

Бишкекте 24 жаштагы бала 14 жаштагы кызды зордуктоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй облусттук милициясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, өткөн жылдын 14-декабрында У.А. милицияга кайрылып, «Максат» аттуу чала таанышына чара колдонууну суранган. Ал арызында таанышы жашы жете элек кызга зордуктоо үчүн күч колдонгонун жана кичинекей кыз ага каршылык көргөзгөнүнө карабай «БМВ» үлгүсүндөгү унаасына отургузуп зордуктаганын айткан.

Аталган факт Кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестрине «Зордуктоо» беренеси менен катталган. Тергөө иштеринин жыйынтыгында 24 жаштагы К.М. аттуу жаран кармалган.

«17-июнь күнү саат 00:30 чамасында К.М. Бишкектин көчөлөрүнүн биринде кармалды. Ал Сокулук районундагы ички иштер бөлүмүндөгү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат», — деп жазылат маалыматта.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>