Видео: 25,8 млн сомдук маңзат менен 3 адам кармалды

Видео: 25,8 млн сомдук маңзат менен 3 адам кармалды

Атайын операциянын алкагында эл аралык баңги тобунун мүчөлөрү баасы 25 млн 850 миң сомдук 4,7 кг мефедрон менен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, шектүү катары 28 жаштагы Т.Т., 27 жаштагы Ж.А. аттуу жарандар кармалган. Кармоо учурунда алар укук коргоо органдарынын кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, качып кетүүгө аракет кылышкан. Ага байланыштуу аларды кармоо үчүн ок атуучу курал жана атайын каражаттар колдонулган. Кармалгандан кийин алардын унаасы тинтүүгө алынып, 18 таңгактагы ак түстөгү кристаллдык зат табылып алынган.

«Андан ары ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө эл аралык баңги тобунун дагы бир мүчөсү 20 жаштагы О.Л. кармалган. Ал баңгизатты таңгактоо жана мессенджерлер аркылуу сатуу менен алектенип,  Кыргызстандын бардык аймагына жөнөтүп турган», — деп айтылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, 28 жаштагы Т.Т., 27 жаштагы Ж.А. баңгизатты ташуу, коңшу жана алыскы өлкөлөргө жөнөтүү менен узак убактан бери алектенип келген. Ал эми, 20 жаштагы О.Л. көп убакыттан бери Россиянын Волгоград шаарында баңгизатты белгилүү бир дарекке таштап кетүү менен алектенип жүргөн. Кармалган жарандар мобилдик мессенджерлер аркылуу чет өлкөдөгү кураторлорунан тапшырма алып турган.

Атайын операциянын жүрүшүндө 4,7 килограммдан ашык мефедрон психотроптук заты табылып алынган. Андан 28 миң доза маңзат жасоого болмок, ал эми анын баасы 25 млн 850 миң сомду түзөт.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголгон.

Атайын операция ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы, УКМ, Бишкек шаардык милициянын атайын операциялар бөлүгүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар адамдарды табуу жана баңгизатты мыйзамсыз ташуу каналдарына бөгөт коюу иштери жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>