Бажыдагы коррупция. Башкы прокурордун кайниси камактан чыкты

Бажыдагы коррупция. Башкы прокурордун кайниси камактан чыкты

Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин бажыдагы коррупцияга шектелип кармалган кайниси (Н.Н.К.) үй камагына чыгарылган. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Бишкектин Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, 30-майда УКМКнын тергөөчүсү Биринчи май райондук сотуна Н.Н.К. аттуу жарандын бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен кайрылган. Сот өтүнүчтү канааттандырып, Н.Н.К. 14-июлга чейин үй камагына чыгарылган.

Кийинчерээк 7-июлда бөгөт чарасын узартуу боюнча отурум өтүп, Н.Н.К. 14-сентябрга чейин үй камагында калтырылган.

Эскерте кетсек, быйыл 18-мартта УКМК Кытайдан товар ташууда коррупциялык схема аныкталганын, ал боюнча Бажы кызматынын алты жооптуу адамын жана жеке компаниянын үч өкүлүн кармаганы тууралуу маалымат тараткан. Алардын ичинде жогорку кызматта иштеген адамдардын туугандары бар экени кабарланган.

Кийинчерээк УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кармалгандардын арасында башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кайниси бар экенин билдирген.

Ошондой эле, аталган иш боюнча депутат Надира Нарматованын Ош облусунда бажы кызматында иштеген уулу А.Н. кармалганы белгилүү болгон. Ал 29-апрелде камакка алынып, бирок 11-майда эч жакка кетпөө тилкаты менен камактан чыккан.

Ташиев: Башкы прокурор Зулушевдин кайниси кармалды (видео)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>