• +(996) 550 201 406  
  •  press@reporter.kg
ЖАҢЫЛЫКТАРОКУЯЛАР

Бишкекте 3 унаа кагышкан жол кырсыгы орун алды, – видео

Бишкек шаарында 3 автоунаа кагышып, 3 адам жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 23-сентябрь күнү саат 09:05те Масалиев жана Чортеков көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Ал жерде  үч унаа: “Тойота Камри”, “Фольксваген Пассат” жана“Тойота Камри”  үлгүсүдөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы болгон.

Анын кесепетинен 3 киши жаракат алган. 

Окуя болгон жерге барган ӨКМнын куткарууучулары жаракат алгандарды унаалардан алып чыгып, “Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Комментарий кош

Сиздин э-почта сайтта көрсөтүлбөйт. Зарыл түрдө толтуруу керек болгондор *