Карыпбеков: “Кыргызстан Орусияга кошулуусу керек деген “мразь” соттолушу керек, — видео

Карыпбеков: “Кыргызстан Орусияга кошулуусу керек деген “мразь” соттолушу керек, — видео

«Кыргызстан Орусиянын курамына кошулгусу келет» сындуу пикирин билдирген мурдагы элчи Раимкул Аттокуровду укук коргоо органдары текшерип, чара көрүшү керек. Мындай пикирин КТРКнын мурдагы жетекчиси Илим Карыпбеков билдирди.

Ал мурдагы элчи бул сөзү менен жалпы өлкөнүн эгемендигине шек келтиргенин, мындай билдирүүлөр көңүл буруусуз калбоосу керек деген оюн айткан.

https://www.facebook.com/716033015/videos/10157573591068016/?extid=WJkjpwZda29lNiIO

Буга чейин Кыргызстандын Орусиядагы мурдагы элчиси Раимкул Аттокуров Орусиянын «Правда.ру» агенттигине берген маегинде «Кыргызстанда Орусиянын курамына кирүү мүмкүндүгү тууралуу маселе талкууланып жатат» деген пикирин билдирген.

Кийин айрым ЖМКларга маек берип, өзүнүн эмес, коомчулуктун пикирин билдиргенин, бул тема диаспорада эмес, мигранттар арасында талкууланып жаткандыгын айткан.
Экс-элчинин пикири интернетте кызуу талкууга алынып, ага карата ачуу сындар жааган менен расмий бийлик бул пикирге кандайдыр бир реакция кылган эмес. Болгону Орусиядагы Кыргызстандын элчилиги Аттокуров орус жараны, айтканы анын өзүнүн пикири деген билдирүү менен чектелген.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>