Кыргызстанда 2026-жылы 65 айыл чарба кооперативи түзүлдү — аймактар боюнча маалыматБишкекте тез жардам унаасы менен Subaru кагылышты, жабыркаган адам барВьетнам Кыргызстанга жаңы элчисин дайындады«Манас» аэропортунда расмий такси кызматтары гана иштей алатОшто унаа жолдорунун жээгине мыйзамсыз курулган 25 объект аныкталдыЕБге кирүү Түркия үчүн мындан ары артыкчылыктуу максат эмес — Эрдоган
Кыргызстанда жер көчкү коркунучун азайтуунун жаңы ыкмалары колдонулууда
18.08.2026 | 09:51

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстанда жер көчкү коркунучун азайтуунун жаңы ыкмалары колдонулуп жатканын билдирди. Учурда жер көчкү активдешкен аймактарда коопсуздукту камсыздоо боюнча 27 долбоор ишке ашырылууда.
ӨКМ айрым долбоорлордун жүрүшү тууралуу маалымат берди. Алар:
- Биймырза долбоору: Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Биймырза айылында көчкүдөн коргоо үчүн тоо боорунун этегине коргоочу дамба курулган. Иш толугу менен аяктап, 13 турак үй коргоого алынган.
- Чакмак долбоору: Алай районунун Гүлчө шаары, Кыркөл айылы жана Чакмак тилкелеринде коргоочу дамба курулган. Учурда объектти жергиликтүү бийликке өткөрүп берүү иштери жүргүзүлүүдө.
- Какыр долбоору: Өзгөн районунун Какыр айылында 24 турак үйдү коргоо үчүн тоо боорун түшүрүү жана террассалоо ыкмасы колдонулууда. Долбоор 2025-жылы башталган, 2026-жылдын аягына чейин аяктоо пландалууда.
- Коммунист долбоору: Өзгөн районунун Мырза-Аке айылында туруксуз тоо боорундагы кооптуу массаны жарым-жартылай түшүрүү иштери жүрүүдө. Иштер 2025-жылы башталган, аны 2027-жылдын биринчи кварталында аяктоо пландалган.
- Шадыбек-Булак долбоору: Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Авлетим айылында туруксуз тоо боорунун массасын түшүрүү иштери аяктоо алдында. Учурда жерди рекультивациялоо жана объектти жергиликтүү администрацияга өткөрүп берүү иштери жүрүүдө.
- Кең-Жылга долбоору: Бул жерде жер алдындагы сууларды коопсуз нукка буруу үчүн жабык француз дренаж системасын куруу каралган. Бул ыкма тоо боорунун туруксуздугун азайтып, көчкүнүн жылышына жол бербөөгө багытталган.
Министрлик бул иш-чаралардын натыйжасында 276 турак үй, 8 социалдык объект, 12 чакырым жол жана 1380 жарандын коопсуздугу камсыздала турганын билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом